Акжол Махмудов дүйнөнүн үч жолку чемпиону Роман Власов менен күрөшөт 

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (77кг) Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 4) мелдешинде россиялык Роман Власов менен күрөшөт. Бул тууралуу спортчу соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Махмудов Власов менен килем үстүнө чыгуу үчүн лига менен келишим түзгөнүн билдирди.

“Чакырыкка даярмын, элиме болгон жоопкерчилик мени алдыга сүрөөдө. Катуу даярдыктан өтүп, дем-күч менен алдыдагы беттешүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам. Роман Власовдун жеңген сыйлыктары анын ким экенин көрсөтүп турат. Бул мага ого бетер шык берет”, — деп жазат спортчу.

Эки балбандын күрөшү ушул жылдын апрель айында өтөрү айтылат.

Белгилей кетсек, Акжол Мухмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, ал эми Роман Власов дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиданын эки жолку чемпиону.

Эскерте кетсек, Иван Поддубныйдын балбандар лигасы (PWL) 2022-жылдын май айында түзүлүп, анын биринчи мелдеши Россиянын “ЦСКА” футболдук клубунун машыгуу аянтчасында, экинчиси Москванын Вернадский мамлекеттик циркинде өткөн. Үчүнчүсү Бишкекте өтүп, кыргызстандык үч балбан курошкон.

Аталган мелдеште 10дон ашык өлкөдөн 1 миңдей балбан күчүн сынайт.

Related posts

Жарылбай калган снаряддар жатат: Камчыбек Ташиев Самаркандек айылына келди

admin

Месси сегизинчи жолу «Алтын топту» алды. Роналду биринчи жолу аутта калды

admin

Орто АЗияда жакынкы жылдары сугат суу 50 пайызга чейин азаят

admin

Комментарий