Акжол Махмудов дүйнөнүн үч жолку чемпиону Роман Власов менен күрөшөт 

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (77кг) Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 4) мелдешинде россиялык Роман Власов менен күрөшөт. Бул тууралуу спортчу соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Махмудов Власов менен килем үстүнө чыгуу үчүн лига менен келишим түзгөнүн билдирди.

“Чакырыкка даярмын, элиме болгон жоопкерчилик мени алдыга сүрөөдө. Катуу даярдыктан өтүп, дем-күч менен алдыдагы беттешүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам. Роман Власовдун жеңген сыйлыктары анын ким экенин көрсөтүп турат. Бул мага ого бетер шык берет”, — деп жазат спортчу.

Эки балбандын күрөшү ушул жылдын апрель айында өтөрү айтылат.

Белгилей кетсек, Акжол Мухмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, ал эми Роман Власов дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиданын эки жолку чемпиону.

Эскерте кетсек, Иван Поддубныйдын балбандар лигасы (PWL) 2022-жылдын май айында түзүлүп, анын биринчи мелдеши Россиянын “ЦСКА” футболдук клубунун машыгуу аянтчасында, экинчиси Москванын Вернадский мамлекеттик циркинде өткөн. Үчүнчүсү Бишкекте өтүп, кыргызстандык үч балбан курошкон.

Аталган мелдеште 10дон ашык өлкөдөн 1 миңдей балбан күчүн сынайт.

Related posts

УКМК: Таласта каза болгон УКМКнын кызматкеринин үй-бүлөсүнө материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүлдү

admin

УКМК: Терроризм актысы тууралуу анонимдүү билдирүүлөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин жетекчилерине түшүндүрүү-профилактикалык иштер жүргүзүлдү

admin

Малайзиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет 

admin

Комментарий