УКМК: «Альфа Телекомдун» директорунун мурдагы орун басары кармалды 

Ашыкча баа менен жабдууларды сатып алуу боюнча «Альфа Телеком» ЖАКнын мурдагы жетекчилеринин бири кармалды, — деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кылмыш иликтөө иштеринин алкагында «Альфа Телеком» ЖАКна керектелген жабдыктардын жогорулатылган баада сатылып алынган фактысы аныкталды.

Такталгандай, «Альфа Телеком» ЖАКтын IT-технология боюнча департаментинин жетекчилери жана башкы директорунун мурдагы орун басары П.М.А., жеке катышуучулар менен келишим түзүп, алар жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала 20 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Алынган далил материалдардын негизинде П.М.А. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Related posts

Статком: Электр энергиясынын жоготуулары болжол менен 2,4 млрд кВт/саат

admin

TikTok Кыргызстандын аймагында иштебей калдыбы?

admin

Орусияда кыргызстандык жаран жеке ишкер менен анын кызын өлтүрүүгө шектелип жаткан. Сот чечим чыгарды

admin

Комментарий