АӨБ Кыргызстанга 50 млн доллар бөлөт

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууну жактырды.

Парламенттен билдиришкендей, экинчи окууда мыйзам долбоору боюнча финансы министринин орун басары Руслан Татиков маалыматты берди.

Ал белгилегендей, программа дүйнөдөгү геосаясий туруксуздук менен байланышкан жаңы каатчылыктын калктын, өзгөчө калктын аялуу катмарынын кирешелерине, экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жана макроэкономикалык туруктуулукка терс таасирин азайтуу үчүн багытталган. Бул программаны ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы бюджетти колдоого 50 млн доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтөт, анын 25 млн доллары грант жана 25 млн доллары насыя. Бул каражаттар республикалык бюджетти колдоого багытталмакчы.

Талкууда депутат Айбек Осмонов кредиттик жана гранттык каражаттардын бөлүнүшүнө кызыкты.

Буга Татиков 50 млн доллар өлчөмүндөгү каржылык каражаттар энергетика тармагына, 6-9 млрд сомго чейин Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алууга багытталарын белгиледи.

Related posts

Бишкекте Telegram аркылуу синтетикалык баңгизат сатууга көмөктөшкөндөр кармалды

admin

УКМК тарабынан эл аралык героин каналы табылып, 175 кг,  600 млн. сомдук баңгизат алынды

admin

Жөтөл, чүчкүрүк… Өлкөдө 700 миңдей адам дем алуу органдарынын ооруларына даттанып дарыгерге кайрылган

admin

Комментарий