Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 12-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу түнкүсүн -3…+2 күндүз +10…+15
Талас облусу түнкүсүн -4…+1 күндүз +9…+14
Баткен облусу түнкүсүн -3…+2 күндүз +11…+16
Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн -2…+3 күндүз +12…+17
Ысык-Көл облусу түнкүсүн -4…+1 күндүз +7…+12
Нарын облусу түнкүсүн -2…-7 күндүз +4…+9
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +12…+14 градус болот.
Чолпон-Атада жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +9…+11 градус болот.