Бишкекте “Нелегал” операциясынын алкагында 12 чет өлкөлүк жаранды мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды

Бишкек шаарындагы Эркин экономикалык аймактын аймагында жүргүзүлгөн “Нелегал” операциясынын жүрүшүндө 12 чет өлкөлүк жаран мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Текшерүү маалында белгилүү болгондой, чет элдик жарандар Кыргызстандын аймагында туристтик виза менен жүрүшүп, мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзүп келишкен.

Ички иштер органдары менен биргеликте аларга КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 66 миң сом айып пул салынды.

Ошондой эле чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз тарткан юридикалык жакка 93-берене боюнча 65 миң сом өлчөмүндө айып пул каралды.

УКМК иш берүүчүлөргө Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.

Related posts

Парламент ЖК депутаттарын шайлоо системасын өзгөртүү мыйзамын колдоду

admin

Кара-Көлдүн 22 жаштагы тургуну 18-майдан бери дайынсыз болуп жатат

admin

Бишкекте суу жана канализациянын тарифин көтөрүү пландалууда 

admin

Комментарий