Адахан Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жатканы айтылды

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жатканын адвокат Гуляна Убалиева журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул иш 2009-жылы Мадумаров кол койгон кыргыз-тажик чек арасын боюнча протоколго байланыштуу.

Мадумаровду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени ишембиде белгилүү болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги азырынча  маалымат бере элек.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.

Булак:Абал

Related posts

Ташиев жогорку кызматтагы адам коррупция менен соттолсо, туугандары жумуштан кетээрин эскертти

admin

Кыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясынын тарифи өзгөрөт. Токтомго кол коюлду 

admin

Июль айындагы аба ырайынын болжолу

admin

Комментарий