Адылбек Касымалиев иш сапары менен Тажикстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Тажикстанга барганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кабарда бул бир күндүк сапар экени айтылган. Касымалиевди аэропорттон коңшу өлкөнүн премьер-министринин орун басары Зиезода Сулаймон тосуп алды.

Сапардын алкагында Касымалиев Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшөрү каралган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарды камтыган кызматташуунун келечектүү багыттарын кеңейтүүгө багытталган маселелер талкууланары айтылды.

Мындан тышкары, Касымалиев Тажикстандын гидроэнергетика тармагындагы тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Рогун ГЭСине бармакчы.

Related posts

Садыр Жапаров: «Кемпир-Абадды 70 жылдан бери Өзбекстан башкарып келген, эми чогуу башкарабыз» 

admin

Чүйдө 36 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду

admin

Президенттин иш башкаруучусу Баткендеги курулуш боюнча иликтөөгө комментарий берди

admin

Комментарий