«Айдоочулук күбөлүк алып беребиз». Ошто алдамчылыкка шектелген адамдардын тобу кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам аракеттери жүргүзүлүп, жарандарга Ош шаардык «Унаа» мекемесинен айдоочулук күбөлүк алып берүүгө убада кылып, акча алып жүргөн эки жаран кармалды.

Ыкчам-иликтөө учурунда “Телеграмм” тиркемесине айдоочулук күбөлүк алып беребиз деп жарнама киргизип, акча алып алдап жүргөн адамдар аныкталган. Апрель айынан бери аларга байланышка чыккан жарандарга айдоочулук күбөлүк алып берүү кызматтарын көрсөтөбүз деп ишеничке кирип, электрондук кошелок аркылуу акча жөнөттүрүп, бир нече адамды алдап кетишкен. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аталган шылуундар Кара-Суу шаарынын тургундары 1990-жылы туулган Н.Н. жана 1997-жылы туулган С.М. аттуу жарандар экени такталып, Ош шаардык «Унаа» мекемесинин имаратынан акча алып жатышкан жеринен кармалышкан.

Шектүүлөр Ош ШИИБтин тергөө кызматына жеткирилип, учурда беш жарандан алдоо жолу менен ар кандай өлчөмдөгү акча алышканы, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 95 миң сомго барабар экени аныкталган. Аталган факты боюнча 209-берене менен кылмыш иши козголгон. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катышы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Related posts

Болот Темировдун командасында иштеген 11 журналист 48 саатка камакка алынды. Тизме

mediaportalk

Кадамжайда сел агызып кеткен унаанын айдоочусу куткарылды

mediaportalk

Булар ЮСАИДге ишенген. Депутат өлкө 12 жылдык окууга өтө албасын айтты

mediaportalk

Комментарий