Айгерим Расул кызы «Дүйнө айымы» аталды

Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы «Дүйнө айымы» аталды. Бул тууралуу өзү соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Ура! Жеңиш биздики. Аллахымдын каалоосу, элимдин батасы менен “LADY WORLD” сынагынан баш байгени утуп “Дүйнө айымы” аталдым», — деп жазды ырчы айым.

4-сентябрда Айгерим Расул кызы Орусиянын Сочи шаарында өтчү «Дүйнө айымы» («Lady world») сулуу айымдар сынагына катышарын билдирген. Кийин сынакта өзүн тааныштыруу иретинде көрсөтүлгөн видеосун бөлүшкөн болчу.

Related posts

Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри жана Муниципалдык менчик департаментинин директору кармалды

admin

Баткенге барган президент эмнелерди айтты? Садыр Жапаровдун сөзү

admin

Бишкекте жашы жете элек кыздарды сойкулукка мажбурлаган шектүүлөр кармалды

admin

Комментарий