Айгерим Расул кызы «Дүйнө айымы» аталды

Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы «Дүйнө айымы» аталды. Бул тууралуу өзү соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Ура! Жеңиш биздики. Аллахымдын каалоосу, элимдин батасы менен “LADY WORLD” сынагынан баш байгени утуп “Дүйнө айымы” аталдым», — деп жазды ырчы айым.

4-сентябрда Айгерим Расул кызы Орусиянын Сочи шаарында өтчү «Дүйнө айымы» («Lady world») сулуу айымдар сынагына катышарын билдирген. Кийин сынакта өзүн тааныштыруу иретинде көрсөтүлгөн видеосун бөлүшкөн болчу.

Related posts

Галстуксуз жолугушуу. Садыр Жапаров ТМУ мамлекеттеринин лидерлери менен биргеликте сый тамакка катышты

admin

Президент: «2020-жылга чейин Бейшеналиевдин Түркияда, Дубайда үйү жок болчу»

admin

Мунарбек Сейитбек уулу стал победителем международного турнира в Турции

admin

Комментарий