Айгүл Жапарова Араб Эмираттарына барды (сүрөт)

11-12-январда биринчи айым Айгүл Жапарова Бириккен Араб Эмираттарына сапар жасады, анын жүрүшүндө БАЭдеги аялдардын жана балдардын укуктарын өнүктүрүү маселелери боюнча иш алып барган мамлекеттик уюмдардын жана фонддордун жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Айгүл Жапарова Жалпы аялдар союзунун Башкы катчысы Нура Аль-Сувейди жана Эне жана бала иштери боюнча Жогорку Кеңештин Башкы директору Рим Аль-Фаласи менен жолугушуп, Кыргызстан менен үй-бүлө институтун өнүктүрүү, аялдардын, энелердин жана балдардын укуктарын коргоо, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүү жаатында көп жылдык тажрыйбасы бар жогоруда аталган уюмдардын ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулады.

Ошондой эле биринчи айым Фатима бинт Мохаммед бин Заед демилгесинин аткаруучу директору Фаршеид Жабархил менен жолугушуп, анын жүрүшүндө тараптар муктаж аялдардын катышуусунда Кыргызстанда социалдык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.

Related posts

Өзүнчө күзөт жана камсыздоо батальонунун жаш жоокерлери ант беришти

admin

Кеминде дайынсыз болуп жаткан адамды 100дөй адам издеп жатат

admin

8-мартты иш күн кылып, Курман айтты үч күн белгилөө. Депутаттын сунушуна кандай карайсыз?

admin

Комментарий