Айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт — 6-майга карата аба ырайы

Кыргызстанда 6-майга карата аба ырайы.

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу автожолдордо кар жаап, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +9…+14

күндүз +19…+24

Талас району

түнкүсүн +7…+12

күндүз +17…+22

Баткен областы

түнкүсүн +10…+15

күндүз +23…+28

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +10…+15

күндүз +23…+28

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +7…+12

күндүз +15…+20

Нарын областы

түнкүсүн +5…+10

күндүз +15…+20

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү, күндүз ала булут каптап турат, бир аз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 17…19° жылуу болот.

Related posts

Садыр Жапаров: «Биз бир сантиметр жер берген жокпуз»

admin

Камчыбек Ташиев: «Кумтөр» иши боюнча 2 президент, 4 премьер, 2 спикерди жоопко тарттык»

admin

Жолду капиталдык оңдоо: Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

admin

Комментарий