«Ак Ордо», «Кут Ордо»… Садыр Жапаров жаңы Ак Үйгө аталыш керек болуп жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калганын билдирди.

«Ага ат коюшубуз керек болуп жатат. Ар кандай сунуштар түшүүдө. «Ак Ордо», «Кут Ордо», «Айкөл Ордо», «Ынтымак Ордо» деп атоо сунуштары түштү. Жалпы элдин сунуштарын, пикирлерин угайын деп чечтим. Анткени бул ат түбөлүк калат. Тарых болот. Дагы башка аттарды каалагандар болсо, сунуштарыңызды бериңиздер. Сөзсүз түрдө эмне үчүн ушундай атоону сунуштап жатканыңыздын себептерин жаза кетиңиздер»,- деп жазды ал.

Related posts

Алай районунун акими болуп Азамат Кожомамбетов дайындалды

admin

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

admin

Жогорку Кеңеште ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы тууралуу көйгөйлүү маселелер талкууланды

admin

Комментарий