Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди.


Мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортуна конду.


Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.


Сапардын алкагында ал Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына жана «Борбор Азия + Россия» Мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Related posts

Кербен шаарындагы ооруканада өрт чыкты  

admin

Жаан — чачын күтүлбөйт. 8-августка карата аба- ырайы

admin

Жарасул Абдураимов Министрлер Кабинетинин жана Президенттин аймактардагы өкүлдөрүн «Кыргызиндустрия» ААКнын ишмердүүлүгү менен тааныштырды

admin

Комментарий