АКШ Тажикстандааскердик машыгууларды өткөрө баштады

Америка Кошмо Штаттарынын Куралдуу күчтөрү Тажикстанда “Аймактык кызматташтык – 2022” машыгууларын өткөрө баштады. Бул тууралуу EurAsia Daily билдирди.
Маалыматта Тажикстандын ЖМКларына шилтеме берүү менен билдиргендей, мындай машыгуулар шаршемби күнү, 10-августта башталып, он күнгө созулат. Аларды АКШнын Борбордук командачылыгы уюштурат.
Машыгуунун катышуучуларын АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм тосуп алды.
«Аймактык кызматташтык» — бул туруктуулукту камсыз кылуу, терроризмге каршы күрөшүү, Борбордук жана Түштүк Азия мамлекеттеринин, АКШ жана башка катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты жана биргелешкен мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү боюнча көп улуттуу операцияларды чыңдоого багытталган жыл сайын өтүүчү машыгуу. Ага АКШ, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Пакистан жана Өзбекстандын аскерлери катышууда.
Кошумчалай кетсек, Тажикстан менен АКШ Фахрабад полигонунда талаа машыгууларын беш күндүк эки тараптуу компонентин өткөрүшөт.
Америка элчилигинде белгиленгендей, машыгуулар координациялоо, синхрондоштуруу жана коркунуч жок болгон окуяларга жооп берүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Коронавирустук пандемияга чейин Регионалдык кызматташтык машыгуусу 2004-жылдан бери жыл сайын катышуучу өлкөлөрдүн биринде, анын ичинде АКШда өткөрүлүп келген.

Related posts

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында боз үйлөр тигилди. Эмнелерди сатып алууга болот?

admin

Садыр Жапаров Бакуга барды

admin

Төрт-Көчө маселеси кандай чечилет? Президенттин жообу

admin

Комментарий