Актёр Чыңгыз Мамаев үй камагына чыкты 

Чет элдик жаранды зордуктоого шектелип, 9 айдан ашык убакыттан тергөө камак жайында отурган актёр Чыңгыз Мамаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу актёрдун жактоочусу билдирди.

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаардык соту Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Чыңгыз Мамаевдин кылмыш ишин карады.

“Тергөө органдары тарабынан бир катар мыйзам бузуу болгону, ошондой эле Чыңгыз Мамаевдин кылмышка тиешеси бар экенин тастыктаганга жетиштүү далилдин жоктугу жана козголгон иш актёрдун укуктарын бузуу жолу менен тергелгени аныкталып, ал сот залынан бошотулду”, – деди жактоочу.

Эске сала кетсек, белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандап, актёр 30-августка чейин камакка алынган. Андан бери соттук отурумдар белгиленип, улам кийинкиге калтырылып келген.

Декабрь айында актёр Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, иштин адилет тергелишин жеке көзөмөлүнө алуусун, ага чейин үй камагына чыгарууну өтүнгөн

Related posts

Эртең президенттик балаты өтөт. Ага 650гө жакын бала катышат

admin

Депутат Тазабек Икрамов дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

admin

Сот Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок жазадан бошотту

admin

Комментарий