Акылбек Жапаров быйыл 100 мектеп, бала бакчанын курулушун бүткөрүүнү убадалады 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров авариялык абалдагы билим берүү мекемелери качан курулуп бүтөрү тууралуу маалымат берди.

«Быйыл курулушу 50 пайыздан өткөн мектеп, бала бакчаларды бүтүрөбүз. 65 мектепти тактап чыктык, дагы 35-40 мектепти тактап жатабыз. Жакынкы 10 жылдыкта демографиялык чыңалуу болот, жылына 24 жаңы мектеп куруп турушубуз керек. Ошону да эске алып жатабыз», — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле ал жакынкы үч жылдын ичинде курулушу башталып калган жана авариялык абалдагы 546 объектинин баарын куруп бүткөрүүнү убадалады.

Related posts

Тоолуу райондордо кар жаайт. 24-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 2 айдоочу каза болду. 9 адам ооруканада

admin

Чүйдө 70 жаштагы киши дайынсыз болуп жатат

admin

Комментарий