Акылбек Жапаров Москвага иш сапары менен барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Россияга жөнөп кетти. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, ал 12-13-декабрь күндөрү КМШнын жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат.

Маалыматта жыйындардын алкагында интеграциялык бирикмелердин негизинде экономикалык кызматташуу, маданий-гуманитардык байланыштар жана башка маанилүү маселелер талкууланары айтылган.

Related posts

Нурланбек Шакиев Венгриянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

admin

Грузия парламенти президентке импичмент жарыялай албай калды

admin

2-3-августта өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

admin

Комментарий