Акылбек Жапаров Ноокаттагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош облусунун Ноокат районундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты.

Акылбек Жапаров жаратылыш кырсыгынын келтирген зыянынын масштабы менен таанышып, селден жабыркаган Ноокат районунун кожолуктарынын жана аймагынын үстүнөн учуп өттү. Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө барып, президенттин жана Министрлер кабинетинин атынан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Андан ары МинКаб башчысы ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда Ош облусунун жетекчилигине жана тиешелүү мекемелерге өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана кесепеттерин жоюу жапа чеккендерге зарыл жардамды көрсөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. «Мамлекет өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин тез жана натыйжалуу жоюу үчүн бардык керектүү ресурстарды берет. Жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, бузулган инфраструктураны калыбына келтирүүгө бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, — деди Акылбек Жапаров.

Related posts

Бишкекке Пакистандын тышкы иштер министри келип, ооруканага барды

admin

Кар жаашы күтүлөт. 3- январга карата аба ырайы 

admin

Жанар Акаев: «Бишкек мурда орусташкан болчу, азыр кыргызча сүйлөө модага айланды»

admin

Комментарий