Кыргызстандык Акжол Махмудов 77 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалды.
Февраль айында Акжол Махмудов биринчи орунда болсо, бир айдан кийин аны венгриялык балбан Золтан Леваи басып өткөн.
Эске салсак, 9-апрелде Акжол Махмудов Азия чемпиону болгон.