Акжол Махмудов Париждеги Олимпиадага жолдомо жеңди

Балбан Акжол Махмудов Кыргызстандын курама командасына 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына төртүнчү лицензия алып келди.

21-сентябрда кыргызстандык спортчу Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда  77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Ал Норвегия, Египет, Өзбекстан жана Япониянын спортчуларын катары менен 4 жеңишке жетишти. Бул жыйынтык ага финалга чыгып, Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүк берди.

Париждеги Олимпиада оюндары Махмудов үчүн экинчиси болмокчу. 2021-жылы Токиодо өткөн оюндарда кыргызстандык 2-орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болгон.

Related posts

Сот Дамира Ниязалиеваны добуш сатып алуу боюнча күнөөлүү деп тапты

admin

Садыр Жапаров «Дордой» базарына барды

admin

Москвада кыргызстандыктын каракталышы боюнча кылмыш иши козголду

admin

Комментарий