Алайда жүргөн сел 34 үйдү каптады

20-апрель күнү саат 17:45 чамасында жааган мөндүрдүн кесепетинен Ош облусунун Алай районунун Тилектеш айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында 5 кокту-колоттон сел жүрүп, 34 үйдүн короосун каптаган. Анын ичинен 5 үйдүн жана мектептин жер төлөсүнө сел суусу кирген.

Мындан сырткары, ички чарбалык унаа жолдун 5 жерин сел каптаган, учурда жол каттамы ачык. Ал эми сел түшкөн коктулардагы ички көчөлөр жабык. Бүгүн селдин кесепеттерин жоюу иштерине Алай райондук ӨК бөлүмүнөн 15 куткаруучу, ӨКМЖБД 3 кызматкер, райондук жарандык коргонуу кызматтарынан 50 кызматкер, айыл өкмөтүнөн 10 кызматкер, 2 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 20 жаран, суу чарба кызматынан самосвал тартылган.

Related posts

7 саатта Британияга жумушка баруу үчүн 26 миңден ашуун адам арыз берди

admin

Кадамжайда мектеп окуучусун унаа сүзүп кеткен

admin

Кыргызстан менен Түркия тасма жана сериалдарды биргелешип тартат

admin

Комментарий