Аламүдүн капчыгайында дайынсыз болуп жаткан жигитти 300 киши издеп жүрөт

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөөгө 19-январь күнү, саат 08:00дө жалпы 312 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Анын 188и Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, курамында кинолог 10 дрон менен ИИМден 120 кызматкер 2 дрон, Инсараг тобунун 4 адиси 2 дрон менен издөө ишин алып барышат.

14-январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайындагы «Жаннат» мейманканасыдагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Related posts

Бишкекте жүрөк оорулуу бала сасык тумоо менен ооруканага түшүп, чарчап калды 

admin

Нарында «Кыргыз шырдагы нын эл аралык фестивалы өтөт

admin

Айгүл Жапарова Араб Эмираттарына барды (сүрөт)

admin

Комментарий