Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысын аныктады

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн мурдагы айрым кызмат адамдары тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн «Сейил» участогунда жайгашкан жалпы аянты 1,01 гектар болгон жер тилкесин Р.Э.Р. аттуу жаранга мыйзамсыз берүү фактысы аныкталган.

КР Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын корутундусуна ылайык, аталган жер тилкесин берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы белгиленген.

Аталган фактынын негизинде КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, Н.А.К. кармалган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Бишкекте курсанттар жол кырсыгына кабылышкан. Окуя боюнча кылмыш иши козголду

admin

Садыр Жапаров Дмитрий Биволго кымбат баалуу унаа тартуулады

admin

Жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. 16-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий