Алматыда камалган кыргыз ишкери 4 жылга эркинен ажыратылды

Казакстанда июнь айынан бери камакта кармалган кыргыз ишкери Эрмек Маркабаевге Карасай райондук сотунда сот өкүмү чыкты. Ал орто коопсуздук мекемесинде 4 жыл жазасын өтөйт. Бул тууралуу «Орда» жазды.

Ал Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 296-беренесинин 4-бөлүгү («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун сатуу максатын көздөбөстөн, өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, ташуу») менен айыпталган. Прокурор 5 жылга эркинен ажыратууну сурады. Ал эми адвокаттар Маркабаевдин күнөөсү жок экенин, «подстава» болгонун жүйө келтиришти.

Буга чейин жакындары Бишкекте акцияга чыгып, анын бошотулушун суранышкан. Алар өз кайрылуусун эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевге жолдошкон эле.

Related posts

Массалык баш аламандыкка чакырган деген шек менен Темирлан Султанбеков ИИМге жеткирилди

admin

Көлбаевдин күлүктөрү… УКМК кезектеги тизмени жарыялады

admin

КР УКМК: Майнинг-фермалардын мыйзамсыз иштери аныкталды

admin

Комментарий