Алматыдагы өрттөн 13 адам истен каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар департаментине шилтеме берүү менен Tengrinews.kz жазды.
30-ноябрда саат 05:33тө Алматы шаарындагы Ади Шарипов көчөсүндө өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге биринчи өрт өчүрүү бөлүмү 7 мүнөттө жеткен. Барган учурда 3 кабаттуу турак жайдын 1-кабаты жана жер төлөсү өрттөнүп жаткан. Өрттүн жалпы аянты болжолдуу түрдө 30 чарчы метрди түзөт. Көрүлгөн чаралардын аркасында өрт саат 06:22де толук өчүрүлгөн.
Чалгындоо жана өрттү өчүрүү учурунда алдын ала 13 каза болгон жаран аныкталган. Алардын аты-жөнү такталууда. Болжол менен алар иске ууланып каза болушкан. Жатаканада 72 адам болгон, 59 адам эвакуацияланган. Өрт болгон жерге Алматынын Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 46 адам жана 13 техника тартылган.