Суучул Денис Петрашов Олимпиада оюндарына катышууга лицензия жеңип алды

Сууда сүзүүчү Денис Петрашов 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга лицензия жеңип алганын Сууда сүзүү федерациясы билдирди.

23 жаштагы спортчу 2023-жылы Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнөлүк чемпиондукта олимпиадалык стандартты аткарган. 22-июлда Петрашов 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө алдын ала ысыкта сүзүп, жарым финалга чейин жетип, Кыргызстандын рекордун 59,91 секундга көрсөткөн.

Эртеси жарым финалда ал өзүнүн жыйынтыгын жакшыртып, бирок финалга чыга алган жок – 59,78 секунд. Бул аралыкта лицензия алуунун стандарты 59,79 секундду түзөт.

20-сентябрда Эл аралык сууда сүзүү федерациясы Петрашов Франциядагы оюндарга жолдомо утуп алганын расмий тастыктады.

Related posts

Кар жаайт. 10-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Төрт-Көчө маселеси кандай чечилет? Президенттин жообу

admin

22-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий