Алматыда сойкуканаларды аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаар полициясы социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.
Өткөн дем алыш күндөрү 13 сексуалдык жай аныкталган. Алар негизинен массаж жасоочу жайларды жамынып иштеген. Кардарларга 50дөн ашык жеңил ойлуу кыздар кызмат көрсөткөнү аныкталган. Алардын 14ү Өзбек жана Кыргыз жарандары болгон.