«Ар бир үй-бүлөдө 5-6 бала болушу керек». Ташиев бала бакчанын ачылышында келиндерге кайрылды

11-октябрда Ошто Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда №87 «Акылман» мамлекеттик бала бакчасынын ачылышы болду.

«Мен үй-бүлөлөргө, келинчектерге кайрылып айтып коёюн. Кызматкерлер, жубайыңарды жакшы карагыла. Алар кээде кеч келет, эрте келет, ошондой маалда түшүнүү менен кабыл алгыла. Ишинин оордугун, татаалдыгын, ар тараптуулугун, купуялыгын сактай турган мына силерсиңер. Урматтуу келиндер, силерге рахмат! Балдарды жакшылап өстүрө бериңиздер. Ар бир үй-бүлөдө жок дегенде, 5-6 бала болушу керек. Ошондо Кыргызстан өнүгөт. Турмушка чыктыңбы, үйлөндүңбү, жашың барбы, ден соолугуң жакшыбы, төрөгүлө, баланы көбөйткүлө. Калганын баарын, үйдү да, айлык-акыны да биздин кызматкерлер камсыз кылып беришет. Булардын колунан келет. Азыр калктын саны 7 миллион, тез арада 10 миллион болушубуз керек. Мамлекеттердин арасында сан жагынан, күч жагынан калып кетпешибиз керек. Урматтуу келиндер, бул сиздин милдетиңиздер. Орой айтсам, кап этпейсиздер», — деди Камчыбек Ташиев.

Related posts

4-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

УКМК: Жалал-Абадда жалган ишкерлик менен алектенген жарандар кармалды

admin

«Ысыкта жарым саат турган». Германиянын президентин Катардын аэропортунда тосуп алууну унутуп коюшкан (видео)

admin

Комментарий