Кыргызстанда айрым абоненттер үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлдү

Кыргызстанда тиричилик эмес абоненттер үчүн электр энергиясына болгон тарифтер жогорулады. Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документке ылайык, тиричиликтик эмес абоненттер үчүн электр энергиясынын тарифи 1 кВт/саат үчүн 376,7 тыйындан (салыктарды кошпогондо) жүргүзүлөт. Буга чейин тариф 1 киловатт-саат үчүн 287 тыйынды түзчү.

Чечим тартыштык шарттарында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыздоо, ошондой эле тийиштүү ишканалардын чыгымдарынын ордун толтуруу максатында кабыл алынганы белгиленди.

2023-жылы Кыргызстанда 1,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын керектеген 89 миң 767 тиричилик эмес абонент болгон. Жаңы тарифтер киргизилсе энергокомпаниялардын кошумча кирешеси 900 миллион сомго жетет деп күтүлүүдө.

Юридикалык жактар, жеке ишкерлер, ошондой эле жеке жактар — турак эмес жайлардын жана батирлердин ээлери тиричиликтик эмес абоненттер болуп саналат.

Related posts

«Медик болом дечү». Ак-Сууда 18 жаштагы кыз каза болгон окуя тергелип бүттү

admin

17-апрелге карата аба ырайы

admin

Жеке ишкер Исманали Жороев Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында кайрымдуулук иш-чараларын өткөрдү

admin

Комментарий