Аскарбек Жаныбеков: Күздүк арпа, буудайдын үрөөндөрүн дыйкандарга таратып баштадык

Айыл чарба министрлиги  үстүб үздөгү жылдын сентябрь айынан баштап, Орусиядан алынып келген буудай, арпанын жаңы сортторунун  үрөөндөрүн дыйкандарга таратып баштады. Бул туурасында аталган мекеменин министри Аскарбек Жаныбеков түз эфир учурунда жарандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Учурда Ысык-Көл, Чүй облустарына жана түштүктүн айрым аймактарында Орусиядан келген күздүк буудай, арпанын үрөндөрүн таратуу иштери башталды. Мындан тышкары бизде жазында себүүгө айыл чарба өсүмдүкторүнүн 6 минден тоннадан ашуун үрөөндөрү даяр турат», — деди министр.

Ал былтыр дыйкандарга Орусия жана Казакстандан келген 6 мин тонна үрөн таратылгандыгын эскерте кетти.

Related posts

Камчыбек Ташиев сотторго параны адвокаттар ташып жатканын айтты

admin

УКМК Райымбек Матраимовдун Азербайжандын борбору Бакуда экенин билдиришти

admin

Газпром Кыргызстан”: Бишкек жана Чүйдө калкка газ берүү токтотулбайт

admin

Комментарий