«Ата-апам ажырашып кеткен». Ошто дүкөндөрдөн уурулук жасоого шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн оперативдүү кызматкерлери тарабынан дүкөндөрдөн уурулук жасап жүргөн 23 жаштагы жаран кармалды.

Буга чейин аталган бөлүм тейлеген аймактагы эки дүкөнгө түнкүсүн уурулук жасалып, аны жасаган адам аныкталып, издөөдө болгон. Шектүү 16-апрель күнү Ош шаарынын У.Салиева көчөсүндө жайгашкан тез тамактануучу жайдан түнкүсүн эшигин бузуп кирип, кассадан 26 миң сом акчаны уурдап кеткен. Ал эми 20-апрелде ушул эле көчөдө жайгашкан кичи азык-түлүк дүкөнүнүн пластик эшигин сындырып кирип, кассадагы 7500 сом акчаны уурдаган. Шектүү уурулугун түнкү саат 01:00-04:00 аралыгында жасап жүргөн.

Бул кылмышка шектүү катары кармалган жаран 2001-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну, эч жерде иштебеген, мурда бир ирет уурулугу үчүн сот жоопкерчилигине тартылган А.А. болуп чыкты. Өзүнүн айтуусу боюнча ата-апасы ажырашып кетип, экөө башка турмуш куруп кетишкен. Шектүү А.А. ар кимдин үйүндө жан багып жүрүп, туугандары тарабынан жетиштүү көңүл бурулбагандыктан өз жанын багуу үчүн Ош шаарында кылмыш жолуна түшүп кеткендигин билдирди. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Related posts

ТИМ: “Израилде жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок”

admin

Милиция кыз ала качуу боюнча кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертти

admin

Батышчыл коомдук активисттер, НПОчулар Кыргызстан менен Орусияны уруштургусу келип жатабы?

admin

Комментарий