Аты менен кошо унаанын алдында калган. Чүйдө жаран жол кырсыгынан каза болду

Кечээ, 9-январь күнү Чүйдө жол кырсыгынан атчан адам көз жумду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 19:00 чамаларында катталган. 1985-жылы туулган жаран Mercedes-Benz Sprinter унаасын башкарып бара жатып, Бишкек-Ош унаа жолунун 60-чакырымына жеткенде атчан адам келип сүзүлгөн. Ат минген адамдын 1976-жылы туулган жаран экени аныкталган. Ал Жайыл районун ооруканасынан каза болгон.

Related posts

Ленин району боюнча өткөн шайлоонун жыйынтыгына айрым талапкерлер нааразы болушту

mediaportalk

Нарында «Кыргыз шырдагы нын эл аралык фестивалы өтөт

mediaportalk

Орусиядан 72 миң кыргызстандык мигранттар массалык кайтарууга дуушар болушу ыктымал

mediaportalk

Комментарий