Аты менен кошо унаанын алдында калган. Чүйдө жаран жол кырсыгынан каза болду

Кечээ, 9-январь күнү Чүйдө жол кырсыгынан атчан адам көз жумду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 19:00 чамаларында катталган. 1985-жылы туулган жаран Mercedes-Benz Sprinter унаасын башкарып бара жатып, Бишкек-Ош унаа жолунун 60-чакырымына жеткенде атчан адам келип сүзүлгөн. Ат минген адамдын 1976-жылы туулган жаран экени аныкталган. Ал Жайыл районун ооруканасынан каза болгон.

Related posts

Садыр Жапаров: Тышкы карызды төлөөдө эч кандай көйгөй жок

admin

Бишкекте Эне тилдин эл аралык күнү белгиленди (сүрөттөр)

admin

15-ноябрда Кыргызстанда аба ырайы: Суук түн, жылуу күн

admin

Комментарий