«Аябай капа болдум». Малайзия менен болгон оюн тууралуу Штефан Тарковичтин ою

«Беттештин жыйынтыгына аябай капа болдум». Малайзия менен болгон оюн тууралуу Штефан Тарковичтин оюн Кыргыз футбол союзу жарыялады.

«Биз үч гол киргизип, атаандаштын дарбазасында көптөгөн кооптуу учурларды жараттык, бирок коргонуу каталарынан улам көп голдорду өткөрүп жибердик. Ушунча гол киргизгенден кийин, натыйжада упайларга жетпей калганыбыз абдан капаландырат», — деди ал.

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусунун айтымында, бул беттеште оюнчулар көбүрөөк учурларды ишке ашыра алмак. «Оюнга физикалык жана тактикалык жактан жакшы даярдаган болчубуз. Биздин команда каршылаштарыбызга караганда көбүрөөк кооптуу учурларды жаратты, тилекке каршы жыйынтыгында, абалды аягына чейин кармап, жөндөй албадык. Алгачкы 55 мүнөттө команда бир аз пассивдүү болду, атаандашыбызды кысымга алган жокпуз, бирок андан кийин оюнчулар өздөрүн топтой алышты. Кийинки алмаштыруулар чечүүчү ролду ойноду. Дарбазачыны алмаштырууга аргасыз болуп, жана бир нече оюнчулар да алмашкан, андан соң мындай жыйынтыкка келдик», — деди ал.

Эми команда үйдө Оман курамасына каршы ойнойт. «Бүгүнкү беттешти талдап, жыйынтыгын чыгарып, жеңилүүнү ызаасын тез унутуп, кийинки оюнга даярдана башташыбыз керек. Оюнчулар катуу иштеп, болгон күчүн берип жатышат, бирок жеке каталар бизди жеңишсиз калтырууда. Алдыдагы беттеште күйөрмандарыбыздын жана өз трибуналарыбыздын колдоосу бизге көбүрөөк күч жана ишеним берет деп ойлойм», — деди машыктыруучу.

Related posts

УКМК: Панфилов атындагы сейил багындагы “Тай Брейк” теннис аянтчасы жайгашкан жер тилке мамлекетке кайтарылды

admin

Жаан жаайт. 25-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Чүйдө 15 жаштагы кыз 25-декабрдан бери дайынсыз болуп жатат

admin

Комментарий