УКМК: Панфилов атындагы сейил багындагы “Тай Брейк” теннис аянтчасы жайгашкан жер тилке мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында КР УКМК тарабынан Панфилов атындагы парктын аймагында жайгашкан жалпы аянты 0,48 га болгон муниципалдык жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.

Алсак, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан токтом чыгаруу жолу менен жеке адамдарга мыйзамсыз жер тилкесин алып чыгуу боюнча коррупциялык схеманы айрым жогорку даражалуу аткаминерлер уюштургандыгы такталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жалпы суммасы 268 млн 900 миң сомду түзгөн, 0,48 га муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча кылмыш схемасына тиешеси бар адамдар аныкталган.

Related posts

ИИМ: Өлкөдө Жаңы жыл түнү окуясыз тынч өттү

admin

Киев АКШ менен жаңы келишим түзүүгө макул болду. Зеленский Вашингтонго барат

admin

Депутат көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салууну сунуштады

admin

Комментарий