Аялын өлтүрүүгө шектелген Казакстандын мурдагы экономика министри камакта калтырылды

Экс-министр Куандык Бишимбаев эки айга камакка алынганын Tengrinews.kz билдирди.

«11-ноябрда Астана шаарынын адистештирилген райондор аралык тергөө соту тарабынан шектүү Бишимбаевге карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган», — деп айтылат Астана сотунун билдирүүсүндө.

Астанадагы ресторандардын биринде аял сабалып, ал Тез жардам келгенге чейин каза болгон. Кылмышка Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев шектелип жатат. Киши колдуу болгон аял Салтанат Нукенова. Ал 31 жашта болчу.

Related posts

Бишкекте изделип жаткан чет өлкөлүк жаран аман-эсен табылды

admin

Кыргыз куткаруучулары урандынын алдынан дагы бир адамды аман алып чыгышты 

admin

Кийинки Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтмөй болду

admin

Комментарий