Азамат! Көзү азиз Хайитхон Хусан кызы Кытайда алтын жеңип, тарых жаратты

Кыргызстандык спортчу Хайитхон Хусан кызы Кытайда өтүп жаткан Азиянын паралимпиада оюндарында алтын медаль тагынды.

Ал 23-октябрда азиздер арасындагы дзюдо боюнча турнирде 48 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Хусан кызы 1/2 финалдан баштап, Индонезиянын өкүлүн 1 мүнөт 12 секундда жеңип алган.

Финалдык беттеште кыргызстандык атаандашы япониялык спортчуну 1 мүнөт 26 секундда утуп, алтын медаль тагынды. Бул медаль Кыргызстан үчүн Кытайдагы оюндарда биринчи, ошондой эле Азиянын паралимпиада оюндарында өлкөнүн тарыхындагы биринчи медаль болду.

Related posts

25-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялады

admin

Төрага Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын жыйынына катышты

admin

Комментарий