Маалымат катчысы Аскат Алагөзов мамлекет башчы туулган күнүн жумушта, кадимки күндөй эле өткөрө турганын айтты.
«Былтыркыдай эле президент жумушта болот. Ал туулган күндү өзгөчө өткөргөндү жактыра бербейт. Кечинде, балким, жумуштан кийин үйүндө жакындары, үй-бүлөсү менен белгилеши мүмкүн«, — деген Алагөзов.