Кыргызстан БУУ Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштады

 Кыргызстан 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кечээ Женевада өлкөнүн талапкерлигин көрсөтүү аземи болуп, аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетов ачкан.

«Кыргызстан Борбор Азияда саясий эрк көрсөтүп, маселелерди тынчтык жолу менен чечүү жана жакшы коңшулаштык принциптерин туруктуу илгерилетип жатат. Бул Кыргызстандын аймактык маселелерди чечүүдөгү жана глобалдык туруктуу тынчтыкка салым кошуудагы тынчтык орнотуу аракеттерине активдүү катышууга даяр экенин көрсөтөт», — деди Баетов.

Ошондой эле ал кыргыз тараптын эл аралык процесстерге катышуудагы негизги артыкчылыктарын белгиледи.

Related posts

Кытайдагы заводдон чыккан өрт 36 адамдын өмүрүн алды 

admin

Өзгөндө дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Диана Маматкалилова изделүүдө

admin

 Бишкекте Элдик курултай өтөт

admin

Комментарий