Бүгүнтөн баштап жаңы №146 автобустук каттам ишке кирет

29-декабрдан баштап №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирет .Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

II Элдик Курултайда президент Садыр Жапаров Ош базарын, Батыш жана Чыгыш автобекеттерин шаардын сыртына көчүрүү тууралуу билдирген. Бул чаралар аймактардын экологиясын жакшыртууга жана унаа тыгындарын жоюуга жардам берет.

Каттамдын баштапкы аялдамасы — «Бишкек автобекети» (Алма-Ата – Айланма жол көчөлөрүнүн кесилиши), акыркы аялдамасы – Чоң-Арык айылы. Пландаштырылган чыгаруу 25 бирдик, ал эми кыймыл аралыгы 8-10 мүнөт болот. Жаңы №146 муниципалдык автобустук каттам Аламүдүн жана Орто-Сай базарларын камтыйт.

Related posts

30-31-июлда тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

admin

Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев бошотулду

admin

КР УКМК: Бишкек шаарынын Октябрь районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Комментарий