«Баатыр энелердин» балдарына билим берүүдө жеңилдик берилет

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө» токтом долбоору каралып, кабыл алынды.

Токтом долбоорун депутаттар Медер Чотонов, Исманали Жороев, Бахридин Шабазов, Нуржамал Торобекова, Жылдыз Эгенбердиева, Гүлнара Баатырова, Эдита Тайгараева, Болот Сагынаев, Гүлсүнкан Жунушалиева, Бактыяр Калпаев демилгелеген..

Аталган маселе менен демилгечилердин бири, депутат Медер Чотонов тааныштырды.

Анын айтымында, токтом долбоорунун максаты «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктүн конституциялык принциптерин ишке ашыруу жана билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле үй-бүлөнү, энени жана баланы колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында үй-бүлө институтун чыңдоо жана Кыргызстандын демографиялык өсүүсүн өбөлгөлөө үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Related posts

Сосновка постунда да оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

admin

Нурланбек Шакиев менен депутаттар Ташкенттеги Технопаркка барышты

admin

КР УКМК: Раззаков шаарындагы 226 млн.44 миң сомдук кыш чыгаруучу завод ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий