Бакыт Төрөбаев дыйкан-фермерлерди тейлөө борборлорунун ишин күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди…

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу иш сапарынын жүрүшүндө Органика департаментинин имаратынын абалы менен таанышып, министрликке тиешелүү мекемелердин жетекчилеринин аткарып жаткан ишмердүүлүктөрүнүн маалыматтарын укту.

Аталган имарат 1984-жылы курулуп, ошондон бери оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Натыйжада, министр Бакыт Төрөбаев имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүүнү, келечекте мекемеге Фермерлерди тейлөө борборун (ФТБ) жайгаштыруу боюнча тапшырмаларды берип, чечимдер кабыл алынды.

Азыркы учурда Фермерлерди тейлөө борбору Сузак райондук администрациясынын имаратында жайгашып иш алып барууда. Анда дыйкандар райондук мекеме-ишканалардын адистеринен, «Айыл-Банк», «Элдик Банк» ААКнын өкүлдөрүнөн толук кандуу кеп-кеңеш алып, чечилбей жаткан маселелерине жооп алып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Белгилей кетсек, министр Бакыт Төрөбаев борбордун иши менен таанышкан учурда дыйкан-фермерлерге толук кандуу жардам көрсөтүү үчүн ФТБнын ишин күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Долбоордун негизги максаты – дыйкан-фермерлерге кандай урук-көчөттөргө маани берүү зарылдыгын, эмнени өндүрүү керектигин, даяр продукцияны кайда сатууга болоорун, аларга мамлекет тарабынан кандай колдоолор каралгандыгы, ж.б көптөгөн суроолорго жеткиликтүү маалымат, кеңеш алуучу аянтчаны түзүү болуп саналат.

Related posts

Быйыл Баткенге 4 млрд 197 млн сом суммасында бюджет бекитилди. Ал сумманын канчасы которулду?

admin

«Ак Ордо», «Кут Ордо»… Садыр Жапаров жаңы Ак Үйгө аталыш керек болуп жатканын айтты

admin

Садыр Жапаров Санкт-Петербургга учуп кетти 

admin

Комментарий