Ташиев кармалган салык кызматкерлеринин коррупциялык схемасынын чоо-жайын ачыктады

«Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү коррупция менен күрөшүүдөн оңой экен». Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Мен аны өзүм сездим. Коррупция азыркыга чейин уланып жатат. Эки күн мурун салыкчыларды кармадык. Алар бюджетке 3,2 миллиард сом зыян келтирген экен. ЭТТН деп жатабыз. Дал ушул боюнча салыкчылар схема түзүшкөн экен. Эми дагы адамдар, алардын жетекчилери да кармалышы мүмкүн. 

ЭТТН боюнча маалымат берип коёюнчу. Электрондук товардык транспорттук накладной боюнча. Булар товарды алышат экен да ЭТТН жазып, кампадан чыгарып жөнөтүшөт. «Сосновкага» барып өттү кылып туруп, биз аны кайра кайтардык, кампага келди дешет. Товар кампага кайтпай андан ары кете берет. Салыгы төлөнбөй жатат, себеби алар товар өтпөй, кампага келди болуп турат. Ушундай жол менен зыян келтиришкен экен. Биз базарда отургандардан 10 миң төлөп кой деп жүрөбүз, бул жакта болсо миллиард болуп жатат. Муну ким түзүп жатат. Салыкчылар өзүлөрү. Менимче жетекчилик менен да бөлүшүп жүрүшсө керек. Азыр аныктала элек», — деди ал.

Related posts

Блогер Батмакан Жолболдуева кайра кармалды. Ал бул жолу акча талап кылууга шектелип жатат

admin

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды 

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөн Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды.

admin

Комментарий