Балаңыз эмделдиби? Эмделбеген жеткинчектер бала бакча, мектептерге киргизилбейт

Бала бакчалар жана мектептер кызамыкка каршы эмдөөдөн өтпөгөн балдарды киргизбөөгө укуктуу. Бул тууралуу Республикалык иммундук алдын алуу борборунун директору Гүлбара Ишенапысова мыйзамдуу экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, эмдөө 18-сентябрда Бишкек, Чүй жана Ош облустарында башталган. 9 айдан 7 жашка чейинки балдар эмделүүдө.

Учурда кызамык оорусу күч алып жаткандыктан, маселе курч. Эгер балаңыз вакцинаны 1 жана 6 жашында өз убагында алган болсо, анда үчүнчү ирет эмдөөгө алынышы керек. Бул кошумча эмдөө буга чейин эмделгенине карабастан сунушталат.

Related posts

Бишкекте 5-июндан тарта жайкы мектеп лагерлери ачылат

admin

Нарышкин: Батыш Россия менен «алакалашууда» токтоолук керектигин түшүнө баштады

admin

Акжол менен Жоламан «Жылдын мыкты балбаны» наамы үчүн ат салышууда

admin

Комментарий