Бала бакча ачууну каалагандарга жеңилдетилген насыя берилүүдө. Шарты

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыя бериле баштаганын билдирди.
Кредит алууну каалагандар арызын министрликтин өзүнө же edu@mail.gov.kg электрондук почтасы аркылуу жөнөтсө болот.
Арызда шарт боюнча төмөнкү маалыматтар болушу зарыл:
байланыш маалыматы, бала бакчанын дареги;
насыя алуунун максаты;
мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын, каражат, персонал, балдарга түзүлө турган шарты кенен чагылдырылган бизнес-план;
санитардык-эпидемиологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле ченемдик-техникалык документтердин талаптарына ылайык имараттын долбоордук-сметалык документтери.
Арызды кароодо элдин бала бакчага болгон муктаждыгына, балдардын санына, анын жайгашкан жерине басым жасалат.
Кеңири маалымат алуу үчүн 0312 66 36 92 же 0554347844 телефон номерлерине жана «Элдик Банк», «Айыл Банк», «Керемет Банк» ААКтарына кайрылса болот.

Related posts

Алтынбек Эргешов: “Жетим-Тоо» — бул элдин байлыгы. Аны иштетүү боюнча эч кандай сөз жок”

admin

Ош шаарындагы бала бакчада тартылган видео интернетке тарап… Анын директору кармалды

admin

Экономика министринин орун басары: «Ишканалар сүттү 24 сомдон 40 сомго чейин алып жатат»

admin

Комментарий