Бала бакчаларда тамак берүү кайра мамлекеттин мойнуна жүктөлсүн. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеш «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүнү биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты демилгечилердин бири, депутат Эльвира Сурабалдиева берди. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты мектепке чейинки билим алуусу боюнча жарандардын конституциялык укуктарын камсыздоо, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-ашка ата-энелер тарабынан гана төлөө ченемин алып салуу болуп саналат. Алсак, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 28-беренесинин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.

Талкуу маалында бир катар депутаттар мыйзам долбоорунун концепциясын жактырууну сунушташты. Депутат Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоору менен сунушталган нормаларды Конституциянын 46-беренесине ылайык келтирүү зарылдыгын белгиледи.

Related posts

Тынчсыздануу коңгуроосу. Россиядагы мигранттарга эмне үчүн мекенине кайтуу сунушталууда

admin

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сөз сүйлөдү

admin

Кытай Баткен облусунун тургундарына $100 миң өлчөмүндө гумжардам берет 

admin

Комментарий