Балбак Түлөбаев Алымкадыр Бейшеналиевге нааразы болду

Депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин кайрадан сынга алды.

Депутаттын айтымында, ага Ак-Суу районуна караштуу Каракол айылынын тургундарынан кайрылуу түшкөн.

“Айылда көп жылдардан бери төрөткана, лабораториясы бар оорукана иштеп келген. Бирок 5-6 жыл мурун талапка ылайык, төрөтканасын жаап салыптыр. Азыр аймактык реформанын негизинде бир топ айылдар кошулуп жатат. “Мурун деле көйгөй эле, эми алар кайда барат” деп жатышат. Алымкадыр Савирдинович акыркы убакта жетишпей жатабы же эмне, биз жакты жакшы карабай жатат”, — деди эл өкүлү.

Related posts

Бишкекте 2 унаа сүзүштү. Кесепетинен дагы 3 унаа жабыркады

admin

Бишкекте бүгүн бир катар жолдор оңдоого жабылды

admin

Кулубаев: Россия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 3,2 млрд. долларды түздү

admin

Комментарий