Балдарга кам көргөн соцкызматкерлердин 550 штаты ачылды. Жарлыкка кол коюлду

Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды ар тараптуу колдоого алуу үчүн соцкызматкерлердин 550 штаты ачылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бул кадам балдардын бакубат жашоосун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү элементи болуп саналат.

«Жаңы социалдык кызматкерлер балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, катаал мамилеге, зордук-зомбулукка жана кайдыгерликке ыкчам жооп кайтарышат. Ошондой эле мындай нерселерди алдын алуунун үстүндө иштешет. Ар бир баланын жашоосу жана өнүгүүсү үчүн коопсуз шарттарды түзүү алардын милдети болот. 1-февралдан тарта колдоого муктаж балдарга даректүү жардам көрсөтө турган адистерди кабыл алуу жана даярдоо этабы башталат», — деп айтылган маалыматта.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысы буга чейин «Жаңы кадам» социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде социалдык кызматкерлердин 550 штаттык бирдиги ачыларын билдирген.

Related posts

Малды акысыз жасалма уруктандыруунун активдүү фазасы Нарын облусунан старт алды

admin

16-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Нурланбек Шакиев: Мамлекеттик гимн жазга чейин өзгөрөт

admin

Комментарий